Акаев: "Кыргызстан Бажы биримдигине киргенде Орусия убадалаган 500 миллион доллардын жарымын алуу маселеси козголсо болмок"
Президент Садыр Жапаров 2 күндүк иш сапары менен Орусияга барып келди. Бул ажонун мамлекет башчы катары алгачкы иш сапары болду. Буга байланыштуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Жогорку Кеңештин депутаттарына “Бул иш сапардан эмне жыйынтык күтөсүз?” деп суроо салдык.
Депутат Жанар Акаев иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Кыргызстан Бажы биримдигине киргенде Орусия өзү убада кылган 500 миллион доллардын калган жарымын алуу маселесин козгосо болмок дейт.
“Орусия Кыргызстандын эң жакын досу, андыктан мамиле тыгыз болушу керек. Жапаровдун иш сапарынан кандай жыйынтык күтөрүмдү айтсам, бизде тигүүчүлөрдүн бир топ маселеси бар. Билесиздер, тигүүчүлөр экономиканын өзөгүн түзүп атат. Айрым учурда аларды чектеп жатышат, муну экономисттер айтып эле жүрүшөт. Биз Бажы биримдигине киргенде менин маалыматым боюнча, Орусия 500 миллион доллар убадалаган. Ушул күнгө чейин ал акчанын жарымын берген. Жапаров ишкердикти колдоо максатында ошол каражаттын калган жарымын алуу маселесин козгосо болмок. Анан албетте мигранттарга шарт керек”, - деди депутат.
Жанар Акаев ошондой эле, эң башкысы Владимир Путин өзү кабыл алып, сүйлөшүп, таанышып алаканы бекемдегени, биринчи сапар үчүн жетиштүү деп кошумчалады.