SerepTV Logo

Жанар Акаев: «Элдик курултай жөнүндө» мыйзам кабыл алынса, Жогорку Кеңеш тарап кетишибиз керек"

Жанар Акаев: «Элдик курултай жөнүндө» мыйзам кабыл алынса, Жогорку Кеңеш тарап кетишибиз керек"
Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитети “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоорун биринчи окууда карап жатат.  Депутат Жанар Акаев бул мыйзам долбоор кабыл алынбашы керектигин айтты. "Баш мыйзамдын 7-беренесинде жазылып турат. Эки пункттан, калганы мыйзам менен аныкталат деп турат. Элдин атынан президент, Жогорку Кеңеш, эл өзү менин атымдан барып сүйлө деп, укук берет. 10 миң, 100 миңдеген добуш алган адам элдин атынан уялбай сүйлөйт. Моралдык, мыйзамдык укугу бар. Шайлоого катышпай, бир добуш албай туруп, өлкөнү башкаруу саясатына кийлигишем деген туура эмес. Конституцияда жазылып калган. Бир жолун табышыбыз керек. Менин сунушум - Баш мыйзамда жазылгандан кийин Элдик курултай өтсүн, келсин, президенттин кайрылуусун уксун да тарап кетсин. Болду. Башка укуту ким берди буларга? Эгер бул мыйзам кабыл алынса, Жогорку Кеңеш тарап кетишибиз керек. Ошол үчүн каршы добуш берели", - деди ал.