SerepTV Logo

Жанар Акаев: "Биз бул Конституцияны ууруларча кабыл алабызбы? Анда биз даана шерменде болобуз"

Жанар Акаев: "Биз бул Конституцияны ууруларча кабыл алабызбы? Анда биз даана шерменде болобуз"
Бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Бактыбек Турусбеков күн тартибине “Референдум жөнүндө мыйзам долбоорун” киргизүүнү өтүндү. Бирок депутат Жанар Акаев буга каршы пикирин билдирди. Анын айтымында, күн тартиби бекитилгенден кийин күн тартибине өзгөртүү киргизилбеши керек. “Биз өзүбүз иштеп жаткан регламентти өткөн шаршемби күнү да одоно буздук. Анткени регламенттин 85-беренесинин 4-пунктунда так жазылып турат. Добуш берүү укугун башка депутат берүүгө тыюу салынат деп. Өткөндө абакта жаткан Дүйшөн Төрөкулов да добуш берди. Макул деп чыкты. Ал абакта бул факт. Демек, ал үчүн башка депутат добуш берген. Регламент бузулду. Биз бүгүн муну 2-3-окууда карабашыбыз керек. Кайра добуш берүүгө келишибиз керек. Эгер регламентти бузуп, өлкөнүн эң башкы документин ушундай жол менен кабыл алабыз десек, бул шерменде Конституция болот. Элдин баары билиши керек”,- деди ал. Мындан тышкары, ал кечээ Конституциялык түзүлүш боюнча комитеттин жыйыны болбой туруп, бүгүн 2-3-окууга кароого киргизген одоно мыйзам бузуу. “Кыргызстандагы эң башкы мыйзамыбызды комитет карабай туруп эң маанилүү учурда баары башын катып жатып алып, үйлөрүнө барып кол койдуруп келип, ууруларча кабыл алабызбы? Биз даана шерменде болбодукпу анда. Ошондуктан азыр баарыбыз эң маанилүү учурда чечкиндүүлүктү көргөзөлү”,- деди Акаев.
edita