Жамалдинов кетип, Жантаев келди. Ош облусунун башчысынын кызматы соцтармакта чуу жаратты
Бүгүн, 14-апрелде президенттин Ош облусундагы өкүлү болуп Элчибек Жантаев дайындалды. Ал эми Зиядин Жамалдинов Ош облусунун башчысы кызматынан бошотулду.
Азыркы тапта жаңы жетекчини жамаатка Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тааныштырып жатат.
Бүгүн түнү соцтармактарга "губернатордун орун басары пара алып жатабы?" деген видеолор таркаган. Ага чейин губернатордун өзүнө байланыштуу "жер сатып жатабы?" деген аудио таркаган эле.