SerepTV Logo

Жалгыз эле Таластын «Алтын сертификатсыз» калышы. Депутат облустагы билим берүү жетекчилерин кызматтан алуу керек дейт

Жалгыз эле Таластын «Алтын сертификатсыз» калышы. Депутат облустагы билим берүү жетекчилерин кызматтан алуу керек дейт
"Талас облусунан, бир чоң облустан бир да окуучу "Алтын тамгага" ээ болгон жок. Мен бул жерден күнөөлүү кишини издебейм. Бирок билим берүү тармагында иш жүргүзүш керек". Бул тууралуу депутат Дастан Жумабеков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. "Облустагы билим берүү тармагын жетектеген бардык жетекчилердин ордун карап көрүш керек. Ошолордун иши болчу. Алардын жакшы билим бербегенинен ушундай жыйынтык болуп жатат. Билим берүү министри реформа деп, төшүн какты эле, бирок ушундай болуп жатат. Жетекчилердин орду каралбаса, артка кете беребиз", - деди ал. 27-июнь күнү 2022-жылдын бүтүрүүчүлөрүнүн арасынан 57 окуучу алтын сертификатка ээ болгону маалымдалган. Облус боюнча алганда бир гана Таластын бүтүрүүчүлөрү тизмеге кирген эмес.