SerepTV Logo

Жалал-Абаддын да 5 чиновниги аттестациядан өтпөй калды

Жалал-Абаддын да 5 чиновниги аттестациядан өтпөй калды
Бүгүн, 18-мартта Жалал-Абад облусунда жергиликтүү акимдер менен алардын орун басарларын аттестациялоо жыйынтыкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, аттестацияга Жала-Абаддын 18 чиновнигинен экөөсү аттестациянын биринчи баскычы болгон компьютердик тестирлөөдө 50 пайыздан аз босого алгандыгына байланыштуу кийинки этапка - маектешүүгө кирбей калышты. Аттестациянын жыйынтыктоочу баскычы болгон маектешүүнүн натыйжасында комиссия чечим кабыл алды:
  • 3 адам өз кызматына ылайык келет жана жогорулоого мүмкүнчүлүгү бар;
  • 10 адам ээлеген кызматына ылайык келет;
  • 5 адам ээлеген кызматына ылайык эмес.
Бул аттестациянын жыйынтыгы премьер-министрдин кароосуна жиберилет. Ал эми кийинки аттестациялоо башка облустарда бекитилген графикке ылайык жүргүзүлөт. Белгилей кетсек, буга чейин Нарын менен Баткен облустарында да жергиликтүү жетекчилерге аттестациялоо жүргүзүлүп, алардын да үчтөн чиновниктери сынактан кулап калышкан.
Unknown Author