SerepTV Logo

Жалал-Абад шаарына жаңы вице-мэр дайындалды

Жалал-Абад шаарына жаңы вице-мэр дайындалды
Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри болуп Нурбек Сатаров дайындалды. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты. Бүгүн, 12-июль күнү шаар мэри Эрнисбек Ормоков биринчи вице-мэр болуп дайындалган Нурбек Сатаровду эмгек жамаатка тааныштырды. Ал эмгек жолун Нарын облустук мамлекеттик администрациясында жетектөөчү адис катары иштөөдөн баштаган. 2020-жылы Ат-Башы районунун акими, 2021-жылдан ушул мезгилге чейин Ала-Бука районунун акими кызматын аркалап келген. Жалал-Абад шаарынын буга чейинки биринчи вице-мэри Азамат Раматиллаев башка кызматка которулгандыгына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулган.