Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы кызматынан бошотулду
Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан 8-апрелде билдиришти.
Маалыматка караганда, президент Садыр Жапаров Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Үмөталиев Кубаныч Токтомуратовичтин ыйгарым укуктарын 23-марттан тартып токтотуу тууралуу жарлыкка кол койду. Анын негизинде Үмөталиев жергиликтүү судья кызмат ордунан бошотулду.