SerepTV Logo

Жактоочу: "Атамбаев эч кимди "заправщик" деп айткан эмес"

Жактоочу: "Атамбаев эч кимди "заправщик" деп айткан эмес"

Экс-президент Алмазбек Атамбаев учурда жогорку кызматта турган адамдарды "заправщик" деп атаган эмес. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев Фейсбуктагы баракчасында билдирди.

Анын айтымында, бул тууралуу суроолор ага такай берилип жаткандыктан жана айрым ЖМКлардан дагы мындай мазмундагы макалаларды көрүп калгандыктан, Атамбаевдин өзүнөн тактоону чечкен.

"Алмазбек Шаршенович "жок" деп жооп берди, анын божомолунда кимдир бирөө өз сөзүн ага таңуулап жатат. Экс-президент өлкө азыр ансыз да оор абалда экенин, мындай кептер менен кырдаалды ого бетер туруксуздаштыруунун кажети жоктугун айтты. Менимче, мындай фейкти таратып жаткан ЖМКлар Алмазбек Атамбаевди өздөрүнүн саясий оюндарына колдонууну каалап жатышат окшойт", - дейт жактоочу.

Unknown Author