SerepTV Logo

Италияда Кыргызстандын элчилиги ачылды

Италияда Кыргызстандын элчилиги ачылды

Бир күн мурун тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Италияга болгон расмий сапарынын алкагында Кыргызстандын элчилигинин ачылыш аземи болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Италиянын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министринин орун басары Марина Серени эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн жана аны жаңы деңгээлге чыгаруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Италия тарап Бишкекте өзүнүн дипломатиялык өкүлчүлүгүн ачып, Кыргызстан менен соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды активдештирүүнү пландоодо. 2022-жылы өлкөлөр дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилешет жана бир катар биргелешкен иш-чаралар пландалууда.