Исмаил Исаков: "Кара пиар менен алектенүү жигитке аброй алып келбейт"
Кара пиар менен алектенүү жигитке кадыр-барк алып келбейт. Бул тууралуу мамлекеттик ишмер, мурунку коргоо министри Исмаил Исаков Сереп Медиа маалымат агенттигине журналист Өткүрбек Рахмановдун өзү тууралуу айткандарына комментарий берип жатып билдирди.
Анын айтымында, Кадыржан Батыровду Исаков качырды деген сөздүн чыгышына экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тиешеси бар. Ал 2016-жылы Роза Отунбаевага кошуп, Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн ар бирин жамандоого аракет кылган.
«Кадыржан Батыровду мени качырды деген сөз кара пиардын алдыңкы саптарынын бири. Бул ишти баштаган Атамбаев болгон. Атамбаев 2016-жылы 31-августта Роза Исаковнаны "самозванка" дегенден кийин Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн ар бирин жамандоого аракет кылып, ошонун негизинде Токон Мамытов деген генералды Кыргызстан элдер ассамблеясына төрага кылып, анан аны жөнөтүп, Кадыржан менен сүйлөштүрүп, ошондой операцияны жасашкан. Ал барып келгенден кийин, бул маалымат Кадыржан Батыров берди деп «Азаттыкка» чыккан. Ошондо эле мен бул боюнча өзүмдүн катуу позициямды билдиргем. Муну атайылап жасашкан. Мен Кадыржан Батыров менен эч качан мамиле кылган эмесмин. Мурун экөөбүз тааныш болгон эмеспиз. Кадыржан Батыровдун университетин азыркы "геройлордун" адамдары барып талкалап кеткенде иликтеп барып, эртеси эртең менен саат 5те кокустан жолукканбыз. Аны дагы генерал Алишер Сабиров уюштурган. Эртең менен саат 5те Сузакта депутаттар менен жолугуп, анан ички иштер башкармалыгына келсем, Сабиров мага "ушул тополоңдун чыгышы боюнча видео далилдер бар экен, ошол материалды көрүп коёсузбу?" деп калды. Мен ага түнү менен уктабаганымды айтып, "10-15 мүнөт эс алып алайын" дедим. Болгон жок. "Анда макул, кассетаны койгула" десем, аппараттары жок экен, бир жакка барабыз дешти. Мен эч жаман ойлобой, машинага түшүп, жолдон уктап кетипмин. Бир жерге алып барышты. Тепкич менен өйдө чыгып баратсак, караңгыда Кадыржан Батыровго окшогон бирөөнү көрдүм. Киргенде карасам, ошол экен. Кассетаны көрсөм, булар өздөрүнүкүн тартып алыптыр, кантип талкалап атканын тигилер үстөмдүк кылып атканын. Мен "бул материалдарды Алымбековго бергиле, изилдеп, тактап, экинчи тарапты уккандан кийин жооп беребиз" десем, Кадыров мага "Мен Кыргызстандан чыгып кетсем окшойт, мени жаманатты кылып атышат" деп айтып калды. Мен "чыксаң чыгып кете бер, каалаган жериңе бар, анын эмнесин мага айтасың" дегем. Ошол боюнча мен бул жигитти көргөн жокмун, сүйлөшкөн да жокмун», - дейт Исаков.
Бул тууралуу бардык далилдери бар экенин айткан экс-коргоо министри УКМКга чакырышса, барып жооп берүүгө даяр экенин кошумчалады. "Мындай кара пиар жигиттерге аброй алып келбейт. Өздөрүнүн былыктары чыкканда уят болуп калышат. Ал жерде Ташиевдин да көп кишилери жүргөн», - дейт ал.
Бүгүн соцтармакта Өткүрбек Рахманов деген журналист Исмаил Исаковду Батыровду өлкөдөн качырууга айыптап, жакын арада тергөөдө сурак берип каларын жазган.