SerepTV Logo

Исмаил Исаков аз күндө УКМКга суракка чакырылабы?

Исмаил Исаков аз күндө УКМКга суракка чакырылабы?

Исмаил Исаков 2010-жылдагы кыргыз элине кылган "жакшылыктары" үчүн аз күндө жооп берет. Бул тууралуу журналист Өткүрбек Рахманов соцтармакта жазып чыкты.

Ал Кадыржан Батыровдун Кыргызстандан качып кетишине Исмаил Исаковдун тиешеси бар экенин билдирип, жакында бул иш боюнча тергөөдө жооп берип каларын кошумчалады.

«Урматтуу Исмаил Исаков, Кудай буюрса, 2010-жылдагы кыргыз элине кылган "жакшылыктарыңыз" үчүн аз күндөрдө жооп бересиз. Эми канча элдин көңүлүн башкага бурууга аракет кылбаңыз, Камчыбек Ташиев тууралуу эмне деп дөөрүсөңүз да, айла жок. Чыдаңыз жана шериктериңизге да түшүндүрүп коюңуз. Жөө жомоктун доору өттү да кетти. Баса, Кадыржан Батыровду сиз Кыргызстандан качырганыңыз эсиңиздеби? Кандуу июнь окуяларына түздөн-түз тиешеңиз бар экенин унутпадыңызбы? Унутсаңыз эч нерсе эмес, жакында тергөөдө баары эсиңизге түшөт», - деп жазат ал.

Белгилей кетсек, Өткүрбек Рахманов УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тарапташтарынын бири.

Unknown Author