Исхак Масалиев: "Бул мыйзамды тоготпостукпу, же кадимки соодалашуубу?"
Экс-депутат, саясатчы Исхак Масалиев соцтармактагы баракчасында Кара-Суу районунда акимдин ордун ээлөөгө 74 талапкер чыгып жатканына таң калуусун билдирди.
Анын айтымында, мыйзам мындай "шайлоо" өткөрүүгө жол бербейт.
"Өкмөт башчы («Жергиликтүү мамлекеттик администрация тууралуу» Мыйзамдын 3-пункту, 14-беренеси) 3төн кем эмес талапкерди сунуштайт, райондун депутаттары биргелешкен отурумда ( "Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу" мыйзамынын 21-1 беренеси) бул талапкерлер боюнча сунуштарын берет. Мунун баары бош кызматтык орун түзүлгөндөн бир айдан кечиктирилбей жүргүзүлөт.
Бул мыйзамды тоготпостукпу, же кадимки соодалашуубу? Жаңы жетекчилер жаңыча иштегиси келгенин түшүнөм, бирок МЫЙЗАМ - бул мыйзам, аны эч ким бузбашы керек. Андай болсо, мыйзамдын өзүн өзгөрткүлө, парламент да аябай "ийкемдүү" эмеспи", - дейт Масалиев.