Исфананын аталышы Раззаков шаары болуп өзгөрөт. Жарлыкка кол коюлду
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-декабрда “Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарын кайра атоо жөнүндө” жарлыкка кол койду. Министрлер кабинетинин жыйынында мамлекет башчысы Исфана шаарын Раззаков шаары деп өзгөртүү демилгесин көтөргөн.
Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызыкчылыктарын коргоо, мындан ары улуттук, тарыхый каада-салттардын жана баалуулуктардын негизинде жарандарды руханий-адеп-ахлактык тарбиялоону жакшыртуу, Кыргыз Республикасынын чыгаан мамлекеттик жана саясий ишмери Исхак Раззакович Раззаковдун ысымын түбөлүккө калтыруу максатында, анын мамлекеттүүлүктү калыптандырууга жана өнүктүрүүгө сиңирген зор эмгегин эске алып, туулган күнүнүн 110 жылдыгына байланыштуу, Конституциянын 71-беренесин жана 86-беренесинин 2-бөлүгүн жетекчиликке алып, токтом кылынат:
- Министрлер кабинети эки айлык мөөнөттө:
- Жогорку Кеңешке жогоруда аталган мыйзам долбоорун кезексиз тартипте кароо сунушталсын.