SerepTV Logo

Исфана шаарынын аталышы Раззаков шаары болуп өзгөрдү

Исфана шаарынын аталышы Раззаков шаары болуп өзгөрдү
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарын Раззаков шаары деп кайра атоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2022-жылдын 16-мартында кабыл алынган. Мыйзамдын максаты көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззакович Раззаковдун ысымын түбөлүк калтыруу, улуттук идеологияны чыңдоо, улуттук, тарыхый салттардын жана баалуулуктардын негизинде жарандарды руханий-адептик тарбиялоону андан ары өркүндөтүүгө багыттоо болуп саналат.