SerepTV Logo

"Интернеттен көрдүм". Садыр Жапаров Камчы Көлбаев өлтүрүлгөндөн бери биринчи жолу үн катты

"Интернеттен көрдүм". Садыр Жапаров Камчы Көлбаев өлтүрүлгөндөн бери биринчи жолу үн катты
Президент Садыр Жапаров кримтөбөл Камчы Көлбаев өлтүрүлгөндөн бери биринчи жолу үн катты. Ал "Кабар" агенттигине маек берди. "Мен деле алгачкы маалыматты силер сыяктуу интернет булактарынан көрдүм. Дароо эле башкы прокурорго чалып "Аскер прокуроруңду алып, өзүң барып, жеринен көрүп мага так маалымат берчи" деп жибердим. Ал барып, жеринен көрүп мага кайра чалды. "Атышуу болуп кетиптир, өлүм бар экен, жарадарлар бар экен" деп айтты", - деди өлкө башчысы. 4-октябрда кримтөбөл Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операцияда УКМК кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөтүүдө өлтүрүлгөн. Операциянын жүрүшүндө  башкы прокурор Курманкул Зулушев менен саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин барганы айтылган. 5-октябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Мындан ары «мыйзамдагы ууру» деген болбойт» деген.
edita