SerepTV Logo

Икрамов: "Сабак учурунда окуучуларга уюлдук телефонду колдонууга тыюу салуу керек болуп жатат"

Икрамов: "Сабак учурунда окуучуларга уюлдук телефонду колдонууга тыюу салуу керек болуп жатат"
"Сабак учурунда мектеп окуучуларына уюлдук телефонду колдонууга тыюу салуу керек болуп жатат". Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңештин комитеттик жыйынында депутат Тазабек Икрамов билдирди. "Уюлдук телефон балдарга деле зыян. Балдардын бири-бири менен сүйлөшүүсү, достошуусу да жоголду. Мектепте ар кандай роликти тарткан окуялар да болуп жатат. Ушул боюнча чечим чыгарып, Министрлер кабинетине тапшырма берсек", - деди эл өкүлү.