SerepTV Logo

Икрамов Мадумаровдун кармалышы боюнча: "Бийликтегилер убактылуу гана башкарып жатышат"

Икрамов Мадумаровдун кармалышы боюнча: "Бийликтегилер убактылуу гана башкарып жатышат"
«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровго каршы мамлекеттик чыккынчылык беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, кармалып, кийин камакка алынды. Бул окуя боюнча анын кесиптештери кандай пикирде? Депутат Тазабек Икрамовдун айтымында, Мадумаровду кармап кеткени туура эмес кадам болду. "Негизи өкмөт башында, бийлик башында тургандар, депутаттар жана эл ушуну билишибиз керек - бийлик элдики. Эл ишенип шайлаган депутаттар, азыркы бийликтин башындагылар убактылуу гана башкарып жатышат. Бул мамлекет меники, менчиктештирип алды дегенден алыс болушубуз керек", - деди ал. https://youtu.be/gcwC9fIw23o
edita