SerepTV Logo

Ички иштер министри Улан Ниязбеков тажик кесиптеши менен жолукту

Ички иштер министри Улан Ниязбеков тажик кесиптеши менен жолукту
Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков тажикстандык кесиптеши, милициянын генерал-полковниги Рахимзода Рамазон Хамро менен расмий жолукту. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн ички иштер органдарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуусуна тиешелүү болгон маселелер талкууланды. Кыргызстандын Баткен облусу менен Тажикстандын Согдий облусунун чек арага чектеш региондорунда коопсуздук менен туруктуулукту камсыздоо максатында бирдиктүү күч-аракеттерди жумшоо керектиги айтылды. Андан соң эки өлкөнүн ички иштер министрлери башында турган атайын кызматтарынын жетекчилеринин катышуусунда кеңири чөйрөдөгү жолугушуу болуп өттү. Ошондой эле жолугушууда кылмыштуулук, терроризм, экстремизм, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүү жана эки тараптын кызыкчылыгын көздөгөн актуалдуу маселелер талкууланды. Ички иштер министрликтердин чек арага чектеш региондорундагы ички иштер органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилеринин ортосундагы байланышты бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурулду. Макулдашуунун жыйынтыгы кылмыштуулук менен күрөшүүнүн бардык багыттары боюнча кызматташтыкты ар тараптуу өнүктүрүүгө кызыктардыгын жана көп жылдык ишмердүүлүктүн укуктук негиздерин бекемдөөгө даярдыгын дагы бир жолу тастыктады.
Unknown Author