ИИМ Алга Кылычовдун айткандары боюнча текшерүү жүрүп жатканын билдирди
КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Алга Кылычов буга чейин "Азаттыкка" жана СуперТВнын "Саясий коктейль" берүүсүнө маек берип, убактылуу кармоочу жайда көргөн кыйноолору тууралуу айтып берген.
Бүгүн, 24-мартта Жогорку Кеңеште бул маселени депутат Бакыт Төрөбаев көтөрүп, ЖМКларга маек берген жарандар ИИМдин ишиндеги мыйзам бузуулар тууралуу айтса, аларга кандай реакция болоруна кызыкты.
"Алга Кылычов деген жаран маегинде силердин дарегиңерге бир топ сындарды айтты. Ошого силер жооп бердиңерби?" - деп сурады депутат ИИМ жетекчисинин орун басары Мирлан Каниметовдон.
“Алга Кылычовдун билдирүүсү кечээки күн менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Ошол боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат”, - деди министрдин орун басары.
“Мен ал кишини тааныбайм. Бирок ал ИИМ суракта илгеркидей желим баштык кийгизип, көрсөтмө аларын айтты. Эгер чын болсо – бул эскичилик. Бул - туура эмес. Баш мыйзамдагы эң негизги баалуулуктар адам укугу жана анын ден соолугу. Оппозиция өкүлү болобу же башкабы - ал биздин жаран. Кыйноолор болсо маселени дароо караш керек”, - деди депутат.
Мирлан Каниметов Төрөбаевдин сөзүнө текшерүүнүн жыйынтыгы менен кат түрүндө да жооп болорун белгиледи.
Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы, Кой-Таш окуясы боюнча кылмышка шектүү катары өтүп жаткан Алга Кылычовдун "Саясий коктейлге" берген маегин толугу менен бул жактан көрө аласыздар.