SerepTV Logo

Гүлсүнкан Жунушалиева мандат алды, ал Гүлшаркан Култаеванын ордуна келди

Гүлсүнкан Жунушалиева мандат алды, ал Гүлшаркан Култаеванын ордуна келди
БШК бүгүн, 18-февралда Жунушалиева Гүлсүнкан Ишенгазиевнаны Жогорку Кеңештин депутаты кылып каттады.  Ага парламенттин депутатынын күбөлүгү жана төш белгиси берилди. Ал "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясындагы Гүлшаркан Култаеванын ордуна келди. Жунушалиева КММАнын Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору. Гүлсүнкан Жунушалиева 1969-жылы 16-июлда Кочкор районунда туулган. 1992-жылы Томский мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Эмгек жолу: - 1992-1998-жылдары Ысык-Көл мамлекеттик университетинде окутуучу; - 1998-жылдан азыркы кезге чейин  Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын философия кафедрасынын окутуучусу; - 2021-жылдан азыркы кезге чейин КММАнын Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору.