Гүлжигит Исаков: "Жапаров Өзбекстан жакшы кабыл алып койсо эле ошого эреркеп кетти"
Өзбек тарап кичине эле жакшы кабыл алып койсо, социалдык тармактарда бизди мактап жатат деп пиар жасап жатышат. Мындай пикирин жарандык активист Гүлжигит Исаков СуперТВ телеканалындагы "Саясий коктейль" берүүсүндөгү маегинде билдирди.
Анын айтымында, Мирзийоевдин кыраакы, мамлекетчил саясатчы жана анын мактап койгону 30 жылдан бери жетпей жүргөн нерсеге жеттик деп жатканы.
"Мурдагы президенттер анча-мынча туура эмес иштерге барган болсо дагы, мындайга барышкан жок. Өзбек тарап буларды аябай жылуу кабыл алып койсо, ошого эреркеп кеттиби же ушундай деңгээлде "признаниеге" муктаж беле булар? Кичине эле жакшы кабыл алып койсо, алар "бизди мактап жатат" деп социалдык тармактарда аябай пиар жасап жатышат. Мен муну мындай деп айтмакчымын. "Шавкат Мирзийоев кыраакы, көрөгөч мамлекетчил саясатчы. Ал кишинин мактап койгону 30 жылдан бери жетпей жүргөн нерсеге жеттик деп жатканы. Биздикилерди мактап атканы, Каримов жетпеген нерсеге мен жеттим деп атканы". Бул ал үчүн ийгилик. Биз алардын мактоосуна муктаж эмеспиз да", - деди ал.
Мындан тышкары, ал "буга чейин айтылып келгендей эле, суу 21-кылымда эң негизги курал болот" дейт.
Өлкө башчы Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында, “Камбар-Ата ГЭС-1” инвестициялык долбоорун биргелешип даярдоо жөнүндө протоколго кол коюлган.