Гүлбара Калиева Жогорку Соттун төрайымы кызматынан убактылуу четтетилди
Жогорку Кеңеш президенттин Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кызматынан убактылуу бошотуу тууралуу сунушун колдоп берди.
Отурумда айрым депутаттар Калиеванын өзүн угуп көрүүнү сунушташты. Дастан Бекешевдин айтымында, ЖМКларда Жогорку Соттун төрайымына басым көрсөтүлүп жатканы туурасында маалыматтар пайда болууда. "Мен түшүнүп турам, бул президенттин укугу. Бирок анын өзүн да угуп көрсөк болмок, басым болуп жатабы-жокпу», - деди ал.
Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калматов Калиевага суроо берүүнүн кажети жок экенин билдирди. "Тартип комиссиясы чечим чыгарган. Анын негизинде президент сунуш киргизди», - деп кошумчалады ал.
Жыйынтыгында Гүлбара Калиеваны кызматтан убактылуу четтетүү сунушун 61 депутат колдоду, 4 депутат каршы болду. Бардыгы 106 депутат катталган.