SerepTV Logo

"Гадкий утёнок" ак куу болуп калабы деп акча бөлүп жатабыз". Акылбек Жапаров депутаттарды күлдүрдү

"Гадкий утёнок" ак куу болуп калабы деп акча бөлүп жатабыз". Акылбек Жапаров депутаттарды күлдүрдү
"Айыл чарба министрлигинин жумушу - нөл",- деди депутат Жеңишбек Токторбаев Жогорку Кеңештин жыйынында. "Азыр мынакей мен карап турдум. Аскарбек Сапарбекович 14,5 мүнөт доклад жасап, жомокту айтты. Сиз жакшы билесиз Ханс Кристиан Андерсен деген жазуучу өткөн 18-кылымда. Абдан сонун жомокторду жазган. "Гадкий утёнок", "Дюймовочка", "Русалочка" деген жомокторду жазган. Ошол жомоктордой болду. 30 жыл жомок угуп келе жатабыз. Азыр бир баш кой жок. 1 тоок жок же 1 сотых жер экпейсиңер. Айыл чарба министринин эмне кереги бар? 11 миң 118 киши иштейт экен. Аппаратта 118 киши иштейт экен. Эмне кереги бар?" - деди ал. Буга Акылбек Жапаров "Ошол Ханс Кристиан Андерсен айткандай "Гадкий утёнок" ак куу болуп калабы деп болгон акчанын баарын берип жатабыз" деп жооп берди.