Финполдун мурдагы башчысы Бакир Таиров мамлекеттик казынага 14 миң доллар төгүп, камактан чыкты
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын мурдагы башчысы Бакир Таиров мамлекеттик бюджетке 14 миң доллар төлөп, эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, прокурор менен Таировдун ортосунда кызматташтык келишими түзүлгөн. Мындан тышкары Таиров мамлекеттик казынага 14000 доллар төлөгөн.
Бакир Таиров 10-декабрда кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, 2020-жылдын октябрь айында мурдагы чиновник саясий партиялардын бирин каржылоо керек деген шылтоо менен мамлекеттик органдардын жетекчилеринин бирин ага акча которууга мажбур кылган.
Ал Каржы полициясын 2018-жылдын 28-апрелинен бери жетектеп келген. 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин премьер-министр Садыр Жапаров департаменттин жаңы төрагасы кылып Сыймык Жапыкеевди дайындаган болчу.