Феликс Кулов: "Президент жаңы Баш мыйзам боюнча жоопкерчилик депутаттарда экенин айтты"
Президент Садыр Жапаров Баш мыйзамдын жаңы долбоорун кабыл алууда бардык жоопкерчиликти депутаттарга берген. Бул туурасында белгилүү саясатчы Феликс Кулов соцтармактагы баракчасында жазып чыкты.
Ал кечээ, 9-мартта, Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болуп, бир сааттан ашык маектешип отурганын айтты.
"Сөз арасында учурдагы саясат жана конституциялык реформага карата айтылып жаткан сындар жөнүндө айтпайт кое алган жокмун. Буга Садыр Нуркожоевич тышкы саясий жана экономикалык маселелерди чечүү, инвестицияларды тартуу менен алектенип, бошобой жатканын, мындан улам жаңы долбоорду дыкат карап чыгууга мүмкүнчүлүгү болбогонун билдирди. Анын үстүнө Конституциялык кеңешменин жетекчиси Б.Бөрүбашев жана айрым башка адамдар иштелип чыккан долбоор өлкөдө президенттик башкаруунун формасын орнотуу боюнча референдумда айтылган элдин каалоосуна толук дал келет деп ишендиришиптир. Ошондуктан президент кийлигишпөөнү жана депутаттарга бардык сунуштарды, сын-пикирлерди карап чыгып, өз алдынча жоопкерчиликтүү чечим чыгарууга мүмкүнчүлүк берүүнү чечиптир.
Жалпылап айтканда, биздин эл өкүлдөрү эми өздөрүнөн бардык жоопкерчиликти алып коюп, сөөмөйлөрү менен өйдө жакты көрсөтүп, бирөөгө шылтай алышпайт. Калган убакытта юридикалык коомчулуктун жүйөлүү далилдерине кулак салып, бир пикирге келет деп үмүттөнөм", - деп жазган Феликс Кулов.
Ал ошондой эле президентке кызмат сурап кирбегенин эскертти.
"Дароо айтып коеюн, мен өзүмө эч кандай кызмат сураган жокмун, сурабайм дагы. Мен мындан өткөм. Баргандагы максатым - абдан кызыктуу социалдык долбоорду сунуштоо болчу", - деди ал.