SerepTV Logo

Фарид Ниязов: "Тергөө жалгыз мени абакта кармап, чыныгы күнөөлүүлөрдү калкалоодо"

Фарид Ниязов: "Тергөө жалгыз мени абакта кармап, чыныгы күнөөлүүлөрдү калкалоодо"
Бүгүн Бишкек шаардык сотунда президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча жактоочусунун арызы каралды. Соттук отурумдун жүрүшүндө Фарид Ниязов билдирүү жасады. Билдирүүнүн текстин толугу менен беребиз: "Шаардык соттун мени камакта калтыруу чечими саясий мүнөздө. Мындай сандырак чечимди сот дагы, прокурор дагы, тергөөчүлөр дагы өз алдынча кабыл ала алмак эмес. Алар юрист катары мындай чечим мыйзамсыз экенин түшүнүп турушат. Жактоочулар биздин күнөөсүз экенибизди ЖМКлар аркылуу да ишенимдүү далилдеп берип жатышат. Буга карабай, тергөө мени тергөө абагында мыйзамсыз кармоосун улантып, ошол эле учурда 2020-жылдын 9-октябрында "Ала-Тоо" аянтында элди уруп-сабоону уюштургандарды жана чагымчыларды калкалоодо. Беш ай унчукпай чыдадым, ЖМКлар аркылуу чыккан жокмун. Ушунча убакыттан бери "Ала-Тоо" аянтындагы тынчтык митингине катышты деп жалгыз мени түрмөдө кармап отурушат. Белгилүү саясатчылардын маегинен тынчтык митингине чыккандарга кол салгандарды Сооронбай Жээнбеков башкарып турганы белгилүү болду, ал өзү деле муну иш жүзүндө мойнуна алды.  2020-жылдын 5-6-октябрындагы окуялар боюнча темир тор артына отуруп калган жалгыз Курсан Асанов болду.  Мунун саясий өңүттө экени даана эле көрүнүп турат. Эмнеге дегенде Башкы прокуратура дагы, УКМК дагы, ИИМ дагы былтыркы жылдын октябрындагы элдик толкундоолордун чыгышына күнөөлүү аткаминерлерди камоо маселесин "унутуп" коюуга ар тараптан аракет кылып жатышат. Алар жадагалса, аянттагы Үмүт аттуу жигиттин өлүмүнө, ондогон жарандарыбыздын ар кандай жаракаттарды алышына күнөөлүү адамдарды жазык жоопкерчилигине тартуу тууралуу сүйлөгүлөрү дагы келишпейт.  Кыргызстанда саясий куугунтукка алуу майнапсыз. Акыркы 30 жылда биз буга көп жолу ынандык. Бийлик түзүмдөрүндө таарынычтар менен эмоциялар өкүм сүргөндө, күч түзүмдөрүнө артыкчылык берилгенде, саясий каршылаштарына жана ой-жүгүртүүсү башка адамдарга карата куугунтук күчөйт, анткени алар башкача иштегенди билишпейт. Жыйынтыгында күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери жумушунан көтөрүлүп, сый акы алышат, президенттин кадыр-баркына доо кетет, көйгөй болсо, терең катылган менен атылып тышка чыгууга даяр болот. Кыргызстан - өзгөчө өлкө.   Эгемендүүлүктүн 30 жылдык мезгилинде саясий оппоненттерди жана башкача ой жүгүрткөн адамдарды саясий куугунтуктоо фактыларына калыс баа берүүчү көз карандысыз коомдук-мамлекеттик комиссия түзүү сунушталган. Бирок ошол эле учурда, комиссиядагы негизги ролду аткаминерлер, коопсуздук кызматкерлери эмес, көз карандысыз эксперттер, илимпоздор жана журналисттер ойношу принципиалдуу мааниге ээ. Бул өлкөнүн өнүгүшү үчүн маанилүү тыянактарды чыгарууга, пайдасыз жана маскара куугунтуктоолорго чекит коюп, саясий атаандаштыкка негиз түзүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле, бул укук коргоо органдарын алар үчүн адаттан тыш милдеттерден коргоого, алардын кесипкөйлүк деңгээлин көтөрүүгө, анын ичинде коррупцияга каршы күрөшүүгө жардам берет". 
Unknown Author