SerepTV Logo

Фарид Ниязов бошотулабы? Бүгүн райондук сот анын баш коргоо чарасын карайт

Фарид Ниязов бошотулабы? Бүгүн райондук сот анын баш коргоо чарасын карайт

Бишкектин Биринчи Май райондук соту бүгүн, 5-апрелде президенттин аппаратынын экс-жетекчиси Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасын узартууну карайт. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Ал Ниязовдун ден соолугуна байланыштуу бүгүн сот аны бошотуп калышы мүмкүн деген үмүтү бар экенин кошумчалады. Буга чейин Замир Жоошев Фарид Ниязовдон III стадиядагы III даражадагы жогорку коркунучтагы гипертония аныкталганын, ден соолугунун абалы начар экенин билдирген.

Мындан улам 26-мартта Ниязовду үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен баш прокурор Курманкул Зулушевге кайрылган. Фарид Ниязовдун абалынан кабар алган Акыйкатчы институту дагы Башкы прокуратурадан анын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү өтүнгөн.

Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси, президенттик аппараттын мурунку жетекчиси Фарид Ниязов Кой-Таш окуяларына, кийин 9-октябрда Бишкектин «Ала-Тоо» аянтындагы башаламандыкка айыпталып камакта. 18-мартта Бишкек шаардык соту Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасын карап, СИЗО-1 мекемесинде 10-апрелге чейин кармоо чечимин чыгарган.

Unknown Author