SerepTV Logo

Фарид Ниязов 10-февралга чейин камакта калтырылды

Фарид Ниязов 10-февралга чейин камакта калтырылды
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов 10-февралга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев билдирди. Анын айтымында, бүгүн, 5-декабрда сотто Канат Сагымбаев менен Фарид Ниязовду камакка алуу мөөнөтүн узартуу боюнча прокурорлордун өтүнүчү каралган. Анын жыйынтыгында, Ниязовду 10-февралга чейин абакта калтыруу чечими чыккан. Ал эми Канат Сагымбаев үй камагына бошотулган. Фарид Ниязов менен Канат Сагымбаев Кой-Таш окуясына байланыштуу кармалып, кийин октябрь айындагы окуяларда чыгарылып, кайра 9-октябрда болуп өткөн «Ала-Тоо» аянтындагы башаламандыкка айланган митингден кийин кармалган эле.
Unknown Author