SerepTV Logo

Депутат Мадамин Каратаевдин кызматтан алынышына нааразы болду

Депутат Мадамин Каратаевдин кызматтан алынышына нааразы болду
Депутат Евгения Строкова саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Мадамин Каратаевдин кызматтан бошотулушуна каршы экенин билдирди. Бүгүн, 31-мартта Жогорку Кеңештин отурумунда министрдин учурдагы орун басарлары санитардык дарыгерлер экенин, бир да дарылоочу врач жок экенин белгиледи. "Пандемия учурунда жалгыз иштеп, шаардын баарын кыдырып чыккан Каратаевди эмнеге алып салышты? Жалгыз компетенттүү адам ошол. Мага гемодиализ, гепатит боюнча ооругандар кайрылып жатат. Каратаевден башка эч ким эч нерсе чече албайт. Андан көрө бардык протоколду бузган Жакубекованы чечпейсиңерби? Каратаев эч нерсе кылган жок дегенге мен макул эмесмин», - деди депутат.
Unknown Author