SerepTV Logo

Эшек чуусу: Арзыбек Кожошев кеңешчисин кызматтан алды

Эшек чуусу: Арзыбек Кожошев кеңешчисин кызматтан алды
Кечээ, 16-майда УКМК маалымат таратып, Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арызбек Кожошевдин кеңешчиси кармалганын билдирген. Маалыматка караганда, ал Кыргызстандан Кытайга эшек чыгарууга уруксат алып берем деп, ишкерден пара алган. УКМК кеңешчини дал ошол параны ишкерге кайрып берип жаткан учурда кармаган. Арзыбек Кожошев соцтармактагы баракчасына маалымат калтырып, кеңешчисин кызматтан алганын айтты. "Азыр сиздерге тарап жаткан кабар өзүмө да күтпөгөн жагымсыз окуя болду. Менин кеңешчимдин кармалуусу боюнча маалыматты уккандан бери ыңгайсыз абалга келип олтурам. Чынымды айтсам мага кеңешчи катары дайындалып жатканда жакшы эле карап, сураштырып анан алганмын. Бирок ушундай иштер болуп кетти. Эми кененирээк маалымат бере кетсем:
УКМК тарабынан 14-майда кармалган жаран мага өткөн айда, тагыраагы 26-апрель күнү кеңешчи болуп дайындалган. Кызматка дайындоо учурунда жогоруда белгилеп кеткенимдей, ал тууралуу терс маалыматтар жок болчу. Болгон окуяны эске алып, аны кызмат ордунан бошотуу чечимин кабыл алдым. Маалым болгондой, козголгон иш 2016-жылы болуп өткөн. Өткөн иш менен бүгүнкүгө байлап, түрдүү маалыматтарды таратпооңуздарды суранам. Бул иш менин жана Министрлер кабинетинин ишмердүүлүгүнө эч кандай тиешеси жок. Ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайм", - деп жазды ал.