Эртең Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Коопсуздук кеңеши өтөрү айтылууда
Президенттик аппарат мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Коопсуздук кеңешинин биринчи отурумун даярдап жатат. Бул тууралуу ЖМКлар өз булактарына таянуу менен жазышты.
Коопсуздук кеңеши эртең, 20-апрелде жабык эшик артында өтөт. Президент Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен коронавирус инфекциясынын үчүнчү толкунундагы көйгөйлөрдү, экономикадагы оор кырдаалды, коррупцияга каршы күрөш жана кадрдык маселелерди талкуулоону көздөп жатат. Премьер-министр, Жогорку Кеңештин төрагасы, башкы прокурор жана коопсуздук органдарынын жетекчилери кирген Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнөн тышкары дагы кимдер “килемге” чакырылары белгисиз.
Бул маалыматты тактоо үчүн президенттик аппарат менен байланышуу мүмкүн болгон жок.