SerepTV Logo

Эртең президент жаңы Конституцияга кол коёт

Эртең президент жаңы Конституцияга кол коёт
Президент Садыр Жапаров эртең, 5-майда ушул жылдын 11-апрелиндеги референдумда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына кол коюп, Кыргызстан элине кайрылуу жасайт. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Иш-чарага мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын өкүлдөрү - Жогорку Кеңештин депутаттары, судьялар корпусунун өкүлдөрү, өкмөт, коомдук ишмерлер катышат. "Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, чакырылгандар коронавирус инфекциясына карата ПЦР-анализ тапшырышты, иш-чара бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен уюштурулууда. Иш-чара Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын, өлкөнүн республикалык жана аймактык телеканалдарынын түз эфиринде көрсөтүлөт", - деп айтылат маалыматта. Иш-чара саат 10:00дө башталат.
edita