SerepTV Logo

Эртең парламент Алымкадыр Бейшеналиевдин кызмат ордун карайт

Эртең парламент Алымкадыр Бейшеналиевдин кызмат ордун карайт
Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети кечээ, 26-апрелдеги жыйынында саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү абал жөнүндө Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматын укмак. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. Бирок комитет отурумуна чакырылган саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин келе албай калгандыгына байланыштуу бул теманы депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып жалпы жыйынга алып чыгуу бүтүмүнө келишти. Талкууда депутат Улукбек Ормонов азыркы кооптуулуугу күч алып жаткан пандемияга каршы керектүү дары каражаттарынын жоктугун айтып, жабыркагандарга сырттан дары издеген убаракерчиликтер түйшүккө салгандыгын билдирди. Андан тышкары, аталган дарттан каза тапкандардын сөөгүн ооруканадан чыгаруу, жайына коюу иштеринде да кабатырланткан жагдайлар жаралып жаткандыгына токтолгон эл өкүлү: “Бул иште атайын эрежелер сакталышы керек эле. Тартип сакчылары менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн тыкыр көзөмөлү болбосо, оорунун жайылып кетүү коркунучу күч. Ыкчам линиядагы кызматтар так, убагында жооп бериши керек. Атайын штабдин ишин жалпы жыйында кароону сунуштайм ”, - деп кошумчалады. Депутат Бактыбек Райымкулов ортого салган пикиринде, пандемиянын шартында “кызыл аймакта” иштеген дарыгерлердин компенсацияларын төлөөнү кечиктирбөө зарылчылыгын белгиледи. “Ысык-Көл тамыры” боюнча да так маалыматтар айтылышы керек,- деген талапты депутат Евгения Строкова койду. Тармактык комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова: Талас облусунун Талас районуна караштуу Көк – Ой айылындагы ооруканага бюджеттен каралган каражатка оңдоп-түзөө жумуштары жүргүзүлмөк. Андан тышкары “Жерүй”  кенин иштетүүдө түзүлгөн “Бакубат Талас” фондунун эсебинен 43 миллион сомго ооруканага керектүү жабдыктар сатылып алынмак. Иш ордунан жылыш керек эле. Бул элдин талабы!”, – деди. Талкуу жыйынтыгында саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугун кароо маселесин парламент отурумуна алып чыгуу боюнча комитеттин чечими кабыл алынды. Ошентип, бул жолку жыйында каралган маселелердин басымдуу бөлүгүн саламаттык сактоо тармагына байланышкан протоколдук тапшырмалардын аткарылышы тууралуу маалыматтар түздү.
edita