Эртең, 26-апрелде Жогорку Кеңештин жыйыны өткөрүлбөйт
Эртең, 26-апрелде Жогорку Кеңештин жыйыны өткөрүлбөйт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти.
"Күн тартибине киргизилген мыйзам долбоорлорунун демилгечилери жүйөөлүү себептерден улам жыйынга катыша албагандыгына байланыштуу 26-апрелде каралуучу маселелер 27-апрелде өтө турган жыйналыштын күн тартибине бириктирилди. Ага ылайык, 26-апрелдеги жыйналыш өткөрүлбөйт",- дешти.