SerepTV Logo

Эрлан Абдылдаев Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси болуп дайындалды

Эрлан Абдылдаев Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси болуп дайындалды
Абдылдаев Эрлан Бекешович Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Буга чейин Тажикстандагы элчи болуп Жаныш Рустембеков иштеген. Абдылдаев 2012-2018-жылдары Тышкы иштер министрлигин жетектеп, 2020-жылдын июлунан 2022-жылдын февралына чейин Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп иштеген.