Эрбол Султанбаев президенттин маалымат катчысы болуп дайындалды
Султанбаев Эрбол Абдыкадырович президенттин маалымат катчысы болуп дайындалды. Өлкө башчынын басма сөз кызматынан бүгүн, 18-майда билдиришкендей, тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.
Ал буга чейин президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүндө эмгектенип келген.
Бүгүн мурунку катчы Галина Байтерек кызматын тапшыра турганын социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жарыялаган болчу.