SerepTV Logo

"Кыргызстандыкын сатып ал" компаниясынын негиздөөчүсү энергетика министринин орун басары болуп дайындалды

"Кыргызстандыкын сатып ал" компаниясынын негиздөөчүсү энергетика министринин орун басары болуп дайындалды
Бакыт Дегенбаев энергетика жана өнөр жай министринин орун басары болду. Бул тууралуу маалыматты аталган министрликтин басма сөз кызматынан тастыкташты. Маалыматка ылайык, жаңы орун басар Бакыт Дегенбаевди мекеменин жамаатына министр Кубанычбек Турдубаев тааныштырып, көрсөтүп, орун басарына өнөр жайдын андан ары өнүгүшү жана өндүрүштүк потенциалдын өсүшү үчүн зарыл шарттарды түзүү боюнча маанилүү милдеттер коюлгандын айткан. Ошондой эле мекеме министри жаңы дайындалган Бакыт Дегенбаев ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн өнүгүшүнө жана ички, тышкы базарларда өлкөүн продукцияларын жайылтууга салым кошкон "Кыргызстандыкын сатып ал" жана "Made in Kg" компанияларынын негиздөөчүсү экендигин билдирген.
Unknown Author