Эми COVID-19 боюнча ыкчам штабды Саламаттыкты сактоо министри жетектейт
COVID-19 боюнча Республикалык ыкчам штабды жетектөө мындан ары Саламаттыкты сактоо министрине өткөрүлүп берилет. Бул тууралуу вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Эльвира Сурабалдиева ыкчам штаб менен өткөргөн жыйында билдирди.
Сурабалдиева мындай чечимдин себебин, өкмөттүн жаңы түзүмүнөн вице-премьер-министрлердин орду кыскарып кеткендиктен, курамга кирбей калганы менен түшүндүрдү.
«Коронавирус пандемиясынын оор мезгилиндеги иштери үчүн ыкчам штабдын бардык мүчөлөрүнө чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. 2020-жыл абдан оор жыл болду, биздин дарыгерлер «жылаңач колу» менен мекендештердин өмүрүн сактап калды. Алардын эмгеги баа жеткис. Үч ай ичинде биз медициналык мекемелерди жана адистерди даярдоо иштерин жүргүздүк, көптөгөн маанилүү маселелерди иштеп чыктык. Штабдын иши мындан ары да ушул темпте жүрөт деп ишенем», — деди Сурабалдиева.
Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө учурдагы эпидемиологиялык кырдаал жана коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы көрүлүп жаткан чаралар талкууланды. Анда Сурабалдиева, дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясынын жаңы штаммдары катталып жатканын, жадакалса бизге жакын өлкөлөргө чейин кирип келгенин эске салып, коопсуздук чараларын дагы да күчөтүүгө, 2020-жылдагы «кара июлдун» кайталануусуна жол бербөөгө чакырды.