Элмурза Сатыбалдиев: "Жогорку Кеңеш алсыз дегенге кошулбайм. Мына Мадумаров бар"
Депутат болгон оңой эмес. Азыр 90 депутат отурабыз, ар биринин аркасында шайлоочулары бар. Бул тууралуу депутат Элмурза Сатыбалдиев «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде билдирди.
"Ар бир депутаттын урматы бар, сыйы бар. Биз кыйынбыз дебейбиз, үйрөнөбүз. Мен өзүмдү канчалык дасыккан юрист катары эсептебейин, депутат мен үчүн жаңы нерсе. Мага мыйзамдарды түшүнүүгө оңой болуп жаткандыр, бирок анын табигатын өздөштүрүш 1 же 10 күндүк иш эмес", - деди ал.
Ал ошондой эле парламенттин табийгаты сөз талаш экенин айтып, уруш болуп турушу керек дейт. "Анткени ал жерге аткаруу бийлиги, сот бийлиги келет. Жогорку Кеңештин алы кетип калды, же Жогорку Кеңеш каяша айта албады деген сөз өзү туура эмес. 90 депутат бар, анын 10ну сүйлөгөнчө бир күн өтөт. 7-чакырылыштагы депутаттар алсыз дегенге кошулбайм. Мына Адахан Мадумаров бар", - деди депутат.
https://www.youtube.com/watch?v=mtiuQkgXfxQ&t=1193s