SerepTV Logo

"Элдик Курултай жөнүндө" конституциялык мыйзам долбоору да үчүнчү окууда жактырылды

"Элдик Курултай жөнүндө" конституциялык мыйзам долбоору да үчүнчү окууда жактырылды
Бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңеште "Элдик Курултай жөнүндө" конституциялык мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды. Мыйзам долбоору тууралуу Конституциялык мыйзамдар боюнча комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова маалымат берди. Конституциялык мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 7-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашырууга багытталган.
info