SerepTV Logo

"Министр ким экенин эл да билбейт". Депутат Базарбаевдин Жогорку Кеңешке келбегенине нааразы болду

"Министр ким экенин эл да билбейт". Депутат Базарбаевдин Жогорку Кеңешке келбегенине нааразы болду

Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети “Социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун карашы керек болчу.

Бирок депутаттар жыйынга эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин катышуусу зарыл экенин белгилешти.

"Министрдин келгенине 2 жылдай болуп калды. Комитеттен бул министрди такыр көрө элекмин. Эл да билбейт министр ким экенин. Мен деле унутуп баратам. Туура түшүнсөңүздөр министрдин комитетке келбегени бизден эмес. Бизге келбей эле койгула. Бирок эл министрдин жоопторун күтөт. Ошол үчүн министрдин комитетке келбей жатканы, элден качып жатканы", - деди депутат Гүлкан Молдобекова.

Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлчүлүгүнүн кызматкери министр Жогорку Кеңештин Транспорт боюнча комитетинин жыйынына катышып жатканын билдирди.

Комитет мүчөлөрү кесиптешинин сунушун колдоп, мыйзам долбоорун күн тартибинен алып салышты.