SerepTV Logo

Элчи болуп дайындалган Өмүрбек Текебаевди саясатчылар жана санаалаштары узатып жатышат

Элчи болуп дайындалган Өмүрбек Текебаевди саясатчылар жана санаалаштары узатып жатышат
Бүгүн, 22-февралда элчи болуп дайындалган Өмүрбек Текебаевди саясатчылар жана санаалаштары узатып жатышат. Иш-чарадагы сүрөт, виделор соцтармактарга жарыяланды. "Кээ бир партиялаштар "Текебаев саясаттан кетти" деп кайгырып жатышат. Мен саясаттан кеткен жокмун. Саясаттын эки түрү болот: ички жана тышкы саясат. Мен тышкы саясатка кетип жатам", - деди саясатчы. "Ата Мекен" партиясынын келечегине токтолгон экс-депутат анын кызматтык абалынан жана маанайынан көз каранды эместигин билдирди. Өмүрбек Текебаев президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="99160,99144,99161,99143,99164,99163,99145,99162,99142"]