Экс-спикер: "Ош коогалыңында Атамбаевге чалып, Курсан Асановду коменданттыкка сунуштагам"
"Ош коогалыңында Атамбаевге чалып, Курсан Асановду коменданттыкка сунуштагам". Бул тууралуу парламенттин экс-спикери Ахматбек Келдибеков «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берип жатып билдирди.
"Июнь окуясында милиция жана күч органдары 1-2 күн эмне кылышарын билбей калышкан. Оштун губернатору болуп турган Сооронбай Жээнбековдун кабинетинен Алмазбек Атамбаевге чалып, шаардын коменданттыгына Курсан Асановдун талапкерлигин сунуштагам. Бул тарыхый чындык", - деди саясатчы.
https://www.youtube.com/watch?v=Gp2ffFyoh6s&t=6s