SerepTV Logo

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кетти

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кетти
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кетти. Бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары өздүк булактарына таянып жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, Жээнбеков «Манас» эларалык аэропортунан Стамбул шаарына учуп кеткен. Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков 2020-жылдын 5-октябрындагы төңкөрүштөн кийин кызматынан кетүүгө аргасыз болгон. Ошондой эле экс-президент 29-январь күнү камактагы Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча шаардык сотко суракка чакырылган. Анда Жээнбеков Зилалиевдин банктык ячейкасында табылган миллион доллардын тек жайы жөнүндө көрсөтмө бериши керек болчу.

 
Unknown Author