SerepTV Logo

Экономика жана финансы министринин 8 орун басары болот

Экономика жана финансы министринин 8 орун басары болот
Вице-премьер – экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков Экономика жана финансы министрлигинин эмгек жамаатына өзүнүн орун басарларын тааныштырды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти. Жалпысынан 8 орун басар тааныштырылды. Алар: Министрдин биринчи орун басары – Кыялбек Мукашев; Министрдин биринчи орун басары – Данияр Иманалиев; Министрдин орун басары  – Бекболот Алиев; Министрдин орун басары – Султан Ахматов; Министрдин орун басары – Элдар Алишеров; Министрдин орун басары – Мирланбек Байгончоков; Министрдин орун басары – Сейит Рысалиев; Министрдин орун басары – Айдин Шаршеев; Андан сырткары Борбордук казыналыктын директору болуп Садырбек Нарманбетов дайындалган. Борбордук казыналыктын директору министрдин орун басары болуп эсептелбейт.
Unknown Author