"Экинчи тарап менен макулдашпай туруп, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын ачыктады". Тажик экс-министри Ташиевди күнөөлөдү
Тажикстандын мурунку тышкы иштер министри Хамрохон Зарифи УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди тажик тарап менен макулдашпай туруп, сүйлөшүүлөрдүн мазмуну тууралуу коомчулукка маалымат таратууга айыптады.
Алгач Ташиевдин "менин элиме тийишпегиле" деген сөзүнө жооп кайтарган экс-министр "Караңгы бөлмөдөн кара мышыкты табуу, өзгөчө мышык жок учурда оор» деди.
«Биздин эл жөн гана кошуна эмес, кандайдыр бир деңгээлде туугандык да жайыбыз бар. Биз баарыбыз кыргыз элинин баатырдык эпосун, анын башкы каарманы Манас баатырды жана анын жубайы Каныкейди жакшы билебиз. Мен Кыргызстандын бир тууган калкына, анын маданиятына жана тарыхына жогорку сый-урмат менен мамиле кылам. Бул өлкөдө менин досторум бар. Ар дайым бир тууган кыргыз элине ачык асман жана гүлдөп-өнүгүүнү каалап келем. Ошол эле учурда баарына "куп" деп, менин элимдин келечеги көз каранды болгон аймактык маселени ким болбосун олдоксон чечүүсүнө жол бере албайм.
Кантип Ворухту темир дубал менен жаап, же анын жашоочуларын ата-бабаларынын сөөгү көмүлгөн жерден кубалап чыгууга болсун? Кантип элимдин бир бөлүгүнүн тагдыры жөнүндө ушунчалык адамкерчиликсиз сүйлөп, маселени чечүүнүн акылга сыйбаган варианттарын сунуштап, анысы аз келгенсип, башка тарап менен макулдашпай туруп, сүйлөшүү жүргүзүүнүн бардык этикалык нормаларын бузуу менен басма сөз жыйынында сүйлөшүүлөрдө эмне сөз болгонун ачыкка чыгарууга болот?
Дипломатия тилинде бул «ZERO-SUM GAME» дегенди билдирет. Бош учуруңузда окуп көрүңүз... » -деп жазат экс-министр.
Белгилей кетсек, 26-мартта Камчыбек Ташиев маалымат жыйын өткөрүп, анда кыргыз тарап Тажикстанга Ворух боюнча 2 сунуш бергенин билдирген.