SerepTV Logo

Эдил Байсалов: "Кыргызстан “Кумтөрдү” өткөрүп берүү процессинин биротоло аяктаганын жарыялады"

Эдил Байсалов: "Кыргызстан “Кумтөрдү” өткөрүп берүү процессинин биротоло аяктаганын жарыялады"
Бүгүн, 29-июль күнү Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Твиттер баракчасына "Саат 17:00дө өтө маанилүү билдирүү жарыяланат" деп бүйүрдү кызыткан анонс жазып өткөн. Андан бир саат өтпөй маалымат кечигип жатканын айтып, "Акыркы штрихтер. Түшүнүү менен кабыл алууңуздарды суранабыз. Саат 18:00гө эл аралык окуя белгиленген. Пресс релиз болжолдуу 18:10до таратылат" деп кошумчалаган Байсалов. Кийинчерээк Байсалов бүйүр кызыткан анонс "Кумтөр" темасына байланыштуу экендигин билдирди. "Кыргыз Республикасы “Кумтөрдү” өткөрүп берүү процессинин биротоло аяктаганын жарыялады. Бүгүн, 29-июлда, Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы элчилигинде “Кумтөр” алтын кенин Кыргызстандын менчигине өткөрүү процессин тастыктаган документтерди алмашуу процедурасы өттү", - деди Эдил мырза.