SerepTV Logo

"Дүйнөгө шылдың болдук". Дастан Бекешев президент менен министр кайнатып жаткан уу-коргошунду текшерүүнү сунуштады

"Дүйнөгө шылдың болдук". Дастан Бекешев президент менен министр кайнатып жаткан уу-коргошунду текшерүүнү сунуштады
Бүгүн, 21-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары кезектеги жыйынга чогулушту. Жыйында депутат Дастан Бекешев президент Садыр Жапаров менен Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин уу-коргошунду кайнатып жаткан жерин, негизи эле уу-коргошунду текшерүү керек экенин айтты. Анын айтымында, Кыргызстан дүйнөгө шылдың болду. Эгер чындап бул тундурма коронавирусту айыктыра турган болсо, аны жасап жаткандарга наам ойлоп таап бериш керек экенин кошумчалады. "Өзүңөр билгендей дүйнөгө шылдың болдук. Биз дагы ушуга баа бериш керекпиз же текшеришибиз керек. Депутаттык комиссия түзөлү же комитетке тапшырма бересизби? Негизинен коронавирус күчөп жатат. Ошол кезде министрлик уу-коргошунду жарнамалап жатат. Биз текшерели. Президент менен министр аларды кайда кайнатып отурушат? Карайлы да. Резиденцияда болсо, бул мамлекеттик мекеме. Кантип колдонуп жатат? Өз билемдикти кылбаш керек. Туура болсо, анда тескерисинче колдойлу, наам берели. Андай болбойт да. Бул күлкү эмес. Канча адам каза болуп атат вирустан. Ошондуктан бул боюнча тапшырма бериш керек. Илимпоздор менен изилдейли", - деди ал. Буга чейин саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйын учурунда уу-коргошунду президент экөө кайнатып жатканын, анын дозасын бир гана президенттин билерин айткан эле. Кийинчерээк уу-коргошун резиденцияда кайнатылып жатканы маалым болгон.
edita