“Добушум Кыргызстандын тагдырын чечет деген маанайда келиңиздер”. Садыр Жапаров менен Айгүл Жапарова добуш беришти
Президент Садыр Жапаров менен биринчи айым Айгүл Жапарова Бишкектеги №1046 шайлоо тилкесинде добуш берүүгө катышышты.
Өлкө башчысы бул шайлоо башкача өтүп жатканын, анткени мында адам фактору катышпай, баары автоматташтырылгандыгын билдирди.
“Буга чейин 3 төңкөрүш болгон болсо анын баары шайлоолордун жыйынтыгынан келип чыккан. Бул шайлоодо жарандар активдүү катышат деп ойлойм. Анткени аралыктан добуш берүүнү электрондоштуруп киргиздик”, - деди Садыр Жапаров.
Ар бир добуш мамлекеттин тагдырын чече турганын айткан мамлекет башчы шайлоого 5 мүнөт убактысы кеткенин айтып, жарандарды да добуш берүүгө катышууга чакырды.
Президент шайлоочуларга “менин добушум Кыргызстандын тагдырын чечет деген маанайда келиңиздер” деп кайрылды.